Кылмыш иши боюнча соттолуучу, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов түштүк борбордун шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышууда. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жасур Азимов «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлигин көрсөтүп жатат.
Ошондой эле бул маалыматты SEREP MEDIA маалымат агенттигине Ош шаардык мэриясынан тастыкташты. Мекемеден билдиришкендей, шайлоо өнөктүгүнө ат сылышып жаткан Жасур Азимов 12-апрелге чейин вице-мэрлик кызматтагы ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон.
Белгилей кетсек, Жасур Азимов буга чейин жер тилкелериндеги махинация боюнча кылмыш иштерине катыштыгы бар экени айтылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Ош шаарынын вице-мэринин 2020-жылдын 4-сентябрындагы жарлыгы менен «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКсы 25 гектар жер тилкесин 2 млн 500 миң сомго саткан. Участок Жапалак айыл аймагында жайгашкан. Шаардык прокуратура текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө аталган сатылып кеткен жер тилкеси базар баасында 72 миллион сом деп аныкталган. Башкача айтканда, участоктун наркы 69,5 миллион сомго төмөндөтүлүп сатылган











