Ошто шыбы ураган аэропорт. Депутат аны курган компанияларды текшерүүнү талап кылды

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишев Козуев өткөн жумада Ош аэропортунда жамгырдын кесепетинен шыбы урап, суу каптаганын эске салып, бул тендердин кесепети экенин айтты.

«Өткөн жумада Оштогу аэропортто чоң окуя болду. Уят иш болду. Жамгырдын кесепетинен аэропорттун шыбы түшүп, ичин суу каптады. Жакшы тендерлер өтпөй, тендерде акча уурдалып, сапатсыз курулуш курулган. Ош аэропорту деле ошондой, азыр укук коргоо органдарына протоколдук тапшырма берсек, тыгыз иликтеп чыксак. Аны 4 ишкана куруптур. Элге маалымат беришсин», — деди ал.

18-майда жааган жамгырдан улам аэропорттун шыбы урап түшкөн. Нөшөрлөп жааган жамгыр жеңил конструкциядан жасалган шыптын бузуп, учуу, конуу жана күтүү залдарын суу каптаган. Кийинчерээк Транспорт прокуратурасынын кызматкерлери иликтөө иштерин баштаганы маалымдалган.