“Өтө начар!” Эльвира Сурабалдиева СИЗО-1ди тез арада Бишкек шаарынын сыртына алып чыгуу керектигин айтты

Бүгүн, 29-январда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине (Бишкектеги СИЗО-1) барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сурабалдиева нөөмөттүк жана медициналык-санитардык бөлүктөрдү, атайын контингент үчүн ашкананы, тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан адамдар жаткан камераларды, тейлөө иштерин жүргүзүү үчүн калган соттолгондордун турак жайларын текшерген.

Анда ал СИЗО-1ди шаардын сыртына көчүрүү жана мекемеге жаңы имарат куруу маселесин чечүү керектигин айтты.

«Жарандардын жашоо шарты өтө начар. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөө иштери көптөн бери жүргүзүлбөй, инфраструктурасы эскирип, жараксыз абалга келип, айыпталуучу жарандардын жана иштеген кызматкерлердин мекемеде болушуна кыйын шарттарды түзүүдө. Камералардын абалы начар. СИЗО-1 көчүрүү жана жаңы имарат куруу боюнча ишти бир нече этапта күчөтүү керек », — деген Сурабалдиева.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр Саламаттыкты сактоо министрлигине мекемени тез жардам унаасы менен камсыз кылуу маселелерин чечүүнү, ошондой эле жазаны аткаруу тутумунун медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана медициналык бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.