Отунбаева менен Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратуу сунушталууда

Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратуу сунушталууда. Тагыраагы депутат Жеңиш Токторбаевдин демилгеси менен «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Депутаттын айтымында, мыйзам долбоору бюджеттик каражаттарды рационалдуу колдонууга багытталган.

Документте төмөндөгүдөй артыкчылыктардан ажыратуу сунушталууда:
Жаңы президент ишке киришкенден кийин бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны пайдаланууну токтотуусу;
Мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылуусу;
Өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болуусу алынып, жан сакчыларды өз эсебинен каржылоосу;
Экс-президентти, жубайын жана жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө алып салынуусу;
Мамлекетке караштуу телефон, интернетти акысыз колдонуу, почта жана телеграф жөнөтүүлөрдү өкмөттүк разрядда тейлөө беренеси жокко чыгарылуусу;
Пенсия жана маянасы өзгөртүүсүз калган. Анын өлчөмү президенттин айлыгынын 75 пайызына барабар.

Экс-президент макамына Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков ээ. Буга чейин Жеңиш Токторбаев экс-президенттерге берилген мамлекеттик күзөттү алып салуу керектигин көтөрүп чыккан болчу.