«Отвечала?». Депутаттар Сатыбалдиев менен Токторбаев кайым айтышты (видео)

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев менен Жеңишбек Токторбаев кайым айтыша кетти. Жыйында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорунун топтомун каралып жаткан.

Демилгечилердин бири, депутат Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасоонун алдын алууга багытталган. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупция жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам, анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлганына карабастан, президент, Жогорку Кеңештин депутаты, төрагасы, Министрлер кабинетинин мүчөсү боло албасын нормага киргизүү сунушталууда», — деди депутат Жеңишбек Токторбаев.

Талкуу маалында депутат Эльмурза Сатыбалдиев сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору Конституциянын нормаларына карама-каршы келгендиктен, бул мыйзам долбооруна каршы экенин белгиледи.

Мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды.