«Өз көзүбүз менен көрөлү». Жогорку Кеңеште Кемпир-Абад боюнча комиссия түзүү сунушталды

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, объект боюнча пикирлер эки ача. «Өзбекстан менен түзүлгөн келишимдин долбоору боюнча коомдук угууларда да көптөгөн талаш-тартыштар болду. Биз депутаттар ошол жерге барып баарын өз көзүбүз менен көрүшүбүз керек. Анан керек болсо калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө», — деди Шарапаткан Мажитова.