Өзбек президенти Шавкат Мирзийоевдин демилгеси менен Баткенде курулган мектептин ачылышы өттү

Бүгүн, 1-апрелде Кыргыз Республикасынын президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов видеобайланыш режиминде мектептин ачылыш салтанатына катышты.

«Өзбекстандын жетекчилигине Баткен облусуна бул билим берүү мекемесинин курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү окуя биздин бир туугандык байланыштарыбыз уламдан-улам чыңдалып, өнүгүп жаткандыгынын далили», — деди Акылбек Жапаров.

Мектепти куруу жөнүндө макулдашуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин жеке демилгеси боюнча 2021-жылдын 11-12-мартында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген. 330 орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушу 2021-жылдын июль айында башталган. Долбоордун сметалык наркы 3,5 миллион долларды түзүп, ал Өзбекстан тарабынан бөлүнгөн.