Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Анда боордош эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Шакиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 31 жыл толгону менен эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин байланышы узак убакытты камтый тургандыгын белгиледи. “Андыктан, калыптанган достук жана жакын коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Айрыкча стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү эки мамлекет үчүн эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн да маанилүү. Бул маселеге өлкө башчыларыбыз да өзгөчө көңүл буруп, байланыштарды бекемдөөгө зор салымын кошууда”, – деди ал.
Өз кезегинде Танзила Нарбаева бүгүн Бишкекте уюштурулган Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-айымдарынын диалогу жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, аталган иш-чарага колдоо көрсөткөндүгү үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди. “Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен кыргыз аялдарынын активдүүлүгү көпчүлүккө үлгү. Бүгүн дагы кыргыздын кыз-келиндери өз өлкөсүнүн эле өнүгүшүнө салым кошпостон, жалпы регионго өрнөк боло турган иштерди алып барууда”, – деген Танзила Нарбаева кыргыздын ишкер айымдарын мисал кылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...