Өзбекстан Кыргызстанга 20 «Тез жардам» унаасын белек кылды

Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

«Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты. Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилди», — деп билдиришти президенттин аппаратынан.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекетти иш сапары менен кеткен.