Өзбекстандын премьер-министри иш сапары менен Ошко келди

Бүгүн, 1-апрелде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына жумушчу сапары менен келди. «Ош» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Бүгүн эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат. Мындан тышкары, Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов Лейлек районунун Маргум айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин ачылыш салтанатына видеобайланыш режиминде катышат.