Өзбекстандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында Өзбекстан Республикасы менен кызматташууну бекемдөө артыкчылыктуу багыт болуп саналат. «Ошондуктан Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров шайлангандан кийин алгачкы иш сапарларынын бирин Ташкентке жасады. Шавкат Мирзийоевдин мамлекеттик сапары тууралуу макулдашууга жетишилди. Дипломатиялык каналдар аркылуу мөөнөттөр такталууда. Бир катар эки тараптуу келишимдер, меморандумдар, иш-чаралар планы, инвестициялык долбоорлор даярдалып жатат, биз аларды өзбек тарапка сунуштайбыз», — деди Нуран Ниязалиев.

Ал кошумчалагандай, убакыт эки президенттин иш графигинен да көз каранды. Ал эми даярдыктар кызуу жүрүп жатканын айтты.