Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынан видео

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Иш сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаров менен Өзбекстан Шавкат Мирзийоевдин расмий жолугушуу аземи болду. Андан соң өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоевдин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого бекем ниетин ырастаганын белгилешти. Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтердин арасында: Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация, өлкөнүн Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жана башка жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын соңунда «Ала-Арча» Мамлекеттик жаратылыш паркында меймандарга этномаданий программа тартууланды.