Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Бишкекке келди

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Бишкекке келгендигин бүгүн Кыргыз тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматтарга караганда Өзбекстандын дипмиссиясынын башчысын Кыргыз президенти Садыр Жапаров кабыл алат. Ошондой эле тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу өтөт. Жолугушууларда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүк мамилесинин бүгүнкү абалы жана келечеги талкуулана тургандыгы, ошондой эле өлкө президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жакынкы аралыкта боло турган иш сапары боюнча талкуулар болору айтылды.

Өзбекстандын тышкы иштер министри жакынкы аралыкта кошуна жайгашкан өлкөлөрдүн бир нечесине барууга жетишти. Өткөн апталарда ал Түркмөнстан, Казакстан жана Тажикстанга барган.