«Өзбектер тик учак менен барышат». Ташиев Үңкүр-Тоо боюнча маалымат берди

«Сиз Үңкүр-Тоого баргансызбы?» деп суроо салды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Нуржигит Кадырбековго. Ал барбаганын айтты.

«Көрдүңүзбү, эч жакка барган эмессиз, көргөн эмессиз. Тигил айтты, бул айтты деп туура эмес маалымат таратасыңар. Өзбекстандан алган Үңкүр-Тоо асты жактан эмес, тоонун чокусунда. 35 гектар жер. Ал жерге радио-техникалык аппараттар орнотулган. Өзбектер ал жакка тик учак менен конуп жүрүшкөн. Кошумча жер эч ким бербейт. Дагы бир жолу айтайын, урматтуу депутат, 1 сотых же 1 гектар жер кошумча Өзбекстанга берилген жок. Бул үчүн жооп берем. Суу астындагы жерди эле бердик, калганын алмаштырдык. Башка жер өткөн жок. Лагерь дейсизби? Бала бакча дейсизби? Баары бизде калды», — деди ал.