Президент «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалына катышты

Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына арналган «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестиваль болуп өттү.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери жана чет элдик меймандар: Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана ЮНЕСКОнун Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы өкүлү, кластердик бюронун директору Криста Пикат катышты.

Мамлекет башчысы кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын этно-жарманкесин көрдү. Андан соң көрүүчүлөгө «Өзгөн менин жүрөгүмдө» театралдык прологу тартууланды. Президентке сөз берилип, ал ата-бабалардын тарыхый жана маданий мурастарын, алардын бири болгон «Өзгөн» комплексин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Садыр Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Өзгөн» тарыхый комплексин 2025-жылга чейин киргизүүнү тапшырды. Иш-чара Кыргызстандын бардык облустарынан этно-фестивальга катышуу үчүн келген манасы жана төкмө акындарды сыйлоо аземи менен аяктады.