Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча өтүп жаткан курултай аягына чыкты

Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча өтүп жаткан курултай аягына чыкты. Анда резолюция кабыл алынып, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болду.

Резолюцияда бийликке бир катар талаптар коюлду:
Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын аянты Кыргызстандын менчигинде калуусу;
Жер алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулуусу;
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча мамлекеттик комиссиясы кайрадан түзүлүүсү.