Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов желекти колдонуу боюнча мыйзам качан күчүнө кирерин айткан. «Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан тартып күчүнө кирет», — деген ал.
Бүгүн, 26-декабрда аталган гезитте мыйзам жарыяланды.