Шаршемби, 04.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Өзү келсин деген талапты орчундуу маселе болбосо, койбогула». Президент Акылбек Жапаровго болушкан билдирүү жарыялады

16:15 18.02.2022
0
«Өзү келсин деген талапты орчундуу маселе болбосо, койбогула». Президент Акылбек Жапаровго болушкан билдирүү жарыялады

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. Ал депутаттардын жыйындарын көрүп келгенин айтып, алардын ишине «жаман эмес» деген баа берди. Өлкө башчысы мындан тышкары, депутаттарга министрлерди Ак Үйгө чакыра бербей, алардын өздөрүн Министрлер кабинетинин жыйынына келгиле деп чакырды.

«Урматтуу депутаттар! Сиздер ишке киришкенден берки парламенттин, комитеттердин, фракциялардын жыйындарына көз салып турдум. Жаман эмес, башталышы жакшы. Бирок сиздерден бир нерсени суранам, комитеттердин, фракциялардын, депутаттык топтордун жыйындарына “Министрлер кабинетинин төрагасы өзү келсин, министр өзү келсин” деген талапты койбосоңуздар. Кандай гана маселе каралбасын, ошол маселеге тиешелүү орун басарлары барып жатышат. Министрге караганда каралып жаткан маселени орун басары жакшы билерин билесиздер. Анткени тиешелүү болгон маселелер менен тиешелүү орун басарлары түздөн-түз иш алып барышат. Ар бир орун басардын адистигине, багытына жараша иштер бөлүштүрүлүп берилет. Ал эми министр болсо жалпысынан координациялайт. Бирок албетте, өзү жетектеген министрликтин бардык иштери үчүн керт башы менен жооп берет.

Менин сиздерге (ар бир депутатка) айтайын дегеним, эгер кандайдыр бир көйгөйдү же Министрлер кабинети чече турган маселени көтөргүңүздөр келсе, анда ар бир аптанын жума күндөрү кечки саат 18:00дө өтө турган Министрлер кабинетинин жыйынына катышсаңыздар болот. Апта башынан бери аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маселелер каралып жана кийинки аптага тапшырмалар берилет. Ушул жыйындарга келип катышканга ар бириңиздердин толук укугуңуздар бар. Эшик ачык. Бул жыйындарга катышып, каалаган талаптарыңыздарды койсоңуздар болот. Бардык министрлерди, айрым күндөрдө облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүмдү дагы ушул жерден таба аласыздар. Келип, суроо-талаптарыңыздарды койсоңуздар болот. Ошондо маселеңиздер ыкчам чечилет деп ойлойм.

Албетте, мен сиздерге министрлерди таптакыр чакырбагыла дегенден алысмын. Эгер кандайдыр бир орчундуу маселе каралып жаткан болсо, министр сөзсүз барышы керек. Жаңы жылдан бери бир топ окуяларга күбө болдум. Министрлерди зарыл иштер менен чакырсам эле “Жогорку Кеңеште жүрөбүз, министр өзү келсин дептир” деген жоопторду угам. Бир күнү кечке жүрүп же жарытылуу маселе чечилбейт, же жетекчисин күтүп олтурган министрликтин бир күндүк иши үзгүлтүккө учурап жаткан учурлары болуп жатат. Учурда бир күн эмес, бир мүнөтүбүздү текке кетирбешибиз керек. Убакыт бизди күтпөйт. Министрлер министрликтин иштерин координациялап, тез алдыга жылдыруусу керек. Азыр талап күчтүү. Коюлган тапшырмалар боюнча алдын ала даярдыктарды көрүп, өз убагында аткарылбаса керт башы менен жооп беришет. Бул талап жана бюрократияны жоюу маселеси министрлерге эле эмес, бардык мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү. Кайрылуумду туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ойлойм. “Ынтымак бар жерде — ырыс бар” деп айтылат элибизде, бири-бириңерди туура түшүнүү менен ынтымакташып иш алып барарыңыздарга толук ишенем», — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
21:03 03.03.2026
0

Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, анын ордуна Мамыржан Рахимов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү...

Эдил Байсалов: «Кымбатчылык маселесин президент жеке өзү көңүл чордонунда кармайт»

Эдил Байсалов: «Кымбатчылык маселесин президент жеке өзү көңүл чордонунда кармайт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:27 27.02.2026
0

"Азыркы учурда «бюджетибиз 3,5 эсеге көбөйүп, экономикабыз 10-11% өсүү темпи менен өнүгүүдө» деген сыяктуу жаңылыктар жарыяланган сайын, калкыбыз тарабынан «кымбатчылык»...

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 27.02.2026
0

Бүгүн, 27-февралда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин...

Жогорку Кеңештин депутаттык топторунун аты өзгөртүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттык топторунун аты өзгөртүлдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:57 26.02.2026
0

Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун аты «Ынтымак - Мекенчил» деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу чечим аталган депутаттык топтун жыйынында кабыл алынды....

Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды

Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:53 26.02.2026
0

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 26-февралдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарын шайлоо маселесин карашты. «Эл үмүтү -...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

21:03 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

1
Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

21:03 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

17:53 03.03.2026
4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

17:47 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү