«Өзүбүздү сыйлашыбыз керек». Депутат негативдүү маалыматтар тарбияга таасир этерин айтты

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков негативдүү маалыматтарды жазбоого чакырды. Бул кайрылуу соцтармакта кызуу талкууну жаратты. Депутаттар бул демилге тууралуу кандай ойдо?

Депутат Жалолидин Нурбаевдин айтымында, ЖМКлар жалаң гана терс маалыматтарды чыгарат. «Кайсы мамлекетте кырсык болбойт? Кайсы мамлекетте бизде болгон окуя болбой жатат? Бардык мамлекетте бар. Бирок алар фильтрлейт да. Өзүбүздү сыйлашыбыз керек. Дүйнө жүзүнө бизде минтти-тигинтти деген туура эмес. Бул жаштардын тарбиясына таасир этет. Жаманды үйрөнүү бат», — деди ал.