«Жылаңач баатыр болуп басып баратсам эле бутума ок тийди». Тилек Токтогазиев алган жаракатын эстеди

«Ал күнү эки-үч жерде кагылыш болду. Тыныстанов көчөсү жакта катуу кагылыш болду. Экинчиси Филармония жакта. Мен ошол жактан келе жаткам. Башында өзүмчө эле жылаңач баатыр болуп басып баратсам бутума ок тийди». Бул тууралуу СуперТВ телеканалынын эфиринде мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев бир жыл мурдагы Октябрь окуяларын эстеп жатып билдирди.

«20 мүнөттөн кийин кайра чыгып баратсам тиземе экинчи ок тийди. Анан түз барууга болборун түшүндүм. Окту ташыгандай эле болду, анткени октору түгөнбөйт. Кайра-кайра атып жатышат. Тез жардам кызматын киргизбей калгандан баштап, октору түгөнгөндөй болду. Ошону менен Ак Үйгө киргенбиз», — деди ал.