«Өзүн хан сезип алды, жакында түрмөгө отурат!». Депутат Теңгиз Бөлтүрүктү эсине келүүгө чакырды

«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк өзүн хан сезип алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

«Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Теңгиз мырза, эсиңизге келиңиз! Азыр убакыт бар. Ким сизге элдин акчасын оңго-солго таратууга уруксат берди? Бул элдин акчасы. Эгер токтотпосоңуз, жакында түрмөгө отурасың! Жакында холдингдин түбүнө түшүрүп, Батышка качып кетесиз», — деди ал.

Андан соң ал депутаттарга кайрылды. «Кечээ баарыңарга белгилүү болгондой, мен баяндама жасаган соң, алар расмий четке каккан жоопту беришти. Мен айткам «Кумтөр» 1600 чарчы метр алыптыр деп, алар 5000 чарчы алдык деп жатат. Бул шаардын ичиндеги жер болсо, айына 100 миң доллар ижара төлөмөк. 12 пайыз НДС бар, ошондо жалпы ижарага 120 миң доллар төлөп жатат. Теңгиз Бөлтүрүк айына 10 миллион сом, жылына 120 миллион сом төлөйт. Ушуну эске алыш керек», — деди ал.