Abank_june
SerepTV Logo

Пакистандын президенти бүгүн Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Пакистандын президенти бүгүн Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 6-9-июль күндөрү Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.

Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык каралат.

Пакистан президентинин расмий сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгүн жана достук мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот.