Шайлоого катышпай турганын айткан Аида Касымалиева жаңы кызматка барат

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирген. «Бул ирет шайлоого катышпайм, бирок ар дайым мамлекетибиз жана элибиз үчүн кызматтамын» деген депутат айымдын жаңы кызматка барары маалым болду.

Анын талапкерлигин Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын расмий өкүлүнүн кызмат ордуна Жогорку Кеңештин комитети жактырды.