Пандемия учурунда ооруканадагы орундарды чиновниктер үчүн сактап отурушканбы?

Жай мезгилиндеги пандемия учурунда коронавирусту дарылоо үчүн ачылган жалгыз инфекциялык ооруканадагы орундарды чиновниктер ээлеп алышкан. Ал эми жөнөкөй адамдар болсо Гансидеги ооруканага жөнөтүлүп жатты, деди маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова коронавирус пандемиясы учурундагы абалды иликтөө комиссиясынын маалымат жыйынында.

Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алып, инфекциялык ооруканага кайрылган карапайым адамдар Гансидеги “Семетей” госпиталына жиберилген. Ал эми инфекциялык ооруканадагы орундардын бош экенине карабай, чиновниктер үчүн сактап коюшкан.

Ал ошондой эле, мындай кырдаалга медицина кызматкерлери даяр эмес болгонун белгиледи.

“Кызыл зонадагы дарыгерлер согуш талаасында куралсыз аскердей болуп, керектүү дары-дармек жана керектүү каражаттарсыз иштешти”, — деди Чыныбекова.