“Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алган жок. Тизме

Парламент «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган жок. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Аталган долбоорго 59 депутат «макул» добуш берсе, 38 депутат «каршы» болду. Жалпы 97 депутат катталды. Депутат Бактыбек Райымкулов менен Мурадил Мадеминов добуш берүү процедурасы бузулгандыгын билдирип, кайра добуш берүүнү талап кылышты. Бирок Дастан Бекешев кийинки маселеге өтүүнү өтүндү.