Парламент Ботаникалык бакты коргоого чакырат

Бүгүн, 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов Улуттук илимдер академиясынын карамагындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын абалы тууралуу сөз кылды.

“174 гектар аймакты ээлеген бак жылдан жылга жок болуп барат. Суу жок, ал тургай өрттөлүп кеткен учурлар да арбын. Бишкек шаарын таза аба менен камсыздап турган Ботаникалык бакты сактап калуу керек”, – деген Улукбек Ормонов президентке кайрылып, абалды көзөмөлгө алууну өтүндү.

Буга чейин аталган бактын аймагында өрт кырсыгы катталган эле.