Парламент чек ара тууралуу маселени жабык карайт

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болуп жатат. Күн тартибине 11 маселе чыгарылган.

Жыйындын башында депутат Марлен Маматалиев чек ара тууралуу ЖМКларда, соцтармактарда ар кандай маселелер  айтылып жатканын билдирип, өкмөттү чакырып, алардан так маалымат угууну сунуштады.

Бирок вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бул маселе комитеттерде жабык карала турганын билдирди.