Парламент жыйынында «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары кайым айтыша кетишти (сүрөт)

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары кайым айтыша кетишти. Кайым айтышууга чейин депутат Наталья Никитенко көпчүлүктүн добушу менен «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болуп Шералы Абдылдаевдин шайланганын айтты. Ал эми буга чейин фракция лидери Сайдулла Нышанов болчу.

Депутаттар Шайлообек Атазов менен Сайдулла Нышанов фракциянын чечими мыйзамсыз экенин айтышты. Бир нече убакыттан кийин Шайлообек Атазов менен Айсулуу Мамашованын ортосунда микрофондон тышкары кайым айтышуу башталды. Депутаттар экөөнү ажыратып жатышты. Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кесиптештерин тынчтанууга чакырып, сүйлөшүү үчүн залдан тышкары 10 мүнөт убакыт берерин айтты. Фракциянын бардык мүчөлөрү жыйын залынан чыгып кетишти.

Кечээ, 22-июнда «Ата-Мекен» фракциясынын жыйыны болгон эле. Жыйында фракцияга жаңы лидер шайланган. Ошондой эле лидердин орун басары Шайлообек Атазов да добуш берүү менен кызматынан кетип, анын ордуна Наталья Никитенко шайланган болчу.