Парламент жыйынында судья Аида Сейдакматова канча айлык аларын айтты

Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жыйынында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Аида Сейдакматова айлыгынын өлчөмүн айтты.

Анын айтымында, эмгек акыны эсептөөдө квалификациялык даражасы жана иш тажрыйбасы эске алынат. «Соттун төрагасы болуп иштегенимди эске алганда 80 миң сом алам. Мындан тышкары, мен жашыруун материалдарды колдоно алам. Башка соттор азыраак алышат. Меникиндей тажрыйбасы бар судья 30 миң сомго жакын алат. Соттордун айлыгы бирдей эмес», — деди ал. 

Депутаттар Жогорку Соттун судьялыгына Сулайманкул Атакулов, Тыныбек Бекешов жана Аида Сейдакматованын талапкерлигин колдошту. Алар ант беришти.