Парламент комитети Конституциянын жаңы долбоорун жактырды

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинин жыйыны өтүп, анда Баш мыйзамдын жаңы долбоору аталган комитет тарабынан талкууланып, колдоого алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин 3-марттагы жалпы сессиясында биринчи окууда каралат.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга 9-февралда, Парламентке болсо 3-февралда келип түшкөн. Ал эми Конституциялык кеңешме Башмыйзамдын жаңы долбоорун 27-январда кабыл алган.

Башмыйзамды өзгөртүү жана аны референдумга алып чыгуу боюнча иштеген Конституциялык кеңешме былтыр 20-ноябрда ишин баштаган. Алар 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоору боюнча иш алып барышып, анда бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүү менен президенттин ыйгарым укутарын кеңейтишкен.