«Парламент менен өкмөттүн мамилеси элдин маанайына таасирин тийгизет». Депутат Кадырбеков ынтымакка чакырды

«Парламент менен өкмөттүн мамилеси элдин маанайына таасирин тийгизет». Депутат Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында ынтымакка чакырды.

«Күчтүү мамлекет — бул адамдардын ойлору жана тилектери бириккен мамлекет. Биз ынтымакта болбосок, өлкөнү күчтүү кыла албайбыз. Өткөндө көрдүңүздөр, Жогорку Кеңеште болбогон нерсе болуп кетти. Бул жердеги ысык окуядан кийин чек арадагы окуя чыкты. Бизге азыр батынбай тап бергендер көбөйдү. Сүрүбүз, сырыбыз кетип жатат», — деди депутат.

Нуржигит Кадырбековдун айтымында, парламент менен өкмөттүн мамилеси элдин маанайына таасирин тийгизет. «Кыргызстанды агрардык өлкөдөн индустриалдык мамлекетке айланткан Исхак Раззаков бирөөгө үнүн көтөргөн эмес экен. Ынтымактуу бололу. Биз бул жерден саясий маданиятты көрсөтөлү», — деди эл өкүлү.