Парламент президенттин Кылмыш кодексине каршы пикирин кабыл алды

Парламент жаңы Кылмыш, Жазык-процессуалдык кодекстеринин жана Укук бузуулар кодексинин долбооруна президенттин каршы пикирин кабыл алды. Чечим жыйында кабыл алынды. 

Жаңы Кылмыш, Жазык-процессуалдык кодекстеринин жана Укук бузуулар кодексинин долбоорлору президенттин каршы пикирин алган. Садыр Жапаров Укук бузуулар кодексинин, ошондой эле Кылмыш кодексинин бир катар пункттарына каршы пикирин билдирген. Тактап айтканда, ал «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренесин аягына чыгаруу керек деп эсептейт.