Парламент санариптик өнүктүрүү министри кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш санариптик өнүктүрүү министри кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды. Мындай чечим бүгүн, 27-октябрда парламенттин жыйынында кабыл алынды. Депутаттар ага суроо бербей, бир добуштан колдошту. 

Кечээ, Дастан Догоев санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.