Айрым депутаттар Чек ара кызматынын башчысын кызматтан алууну талап кылышууда

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды уурдалгандан кийин УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев кызматтан кетиши керек. Бул тууралуу депутаттар Жанар Акаев менен Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, Чек ара кызматы чет элдик чалгындоо кызматына Кыргызстандын аймагына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын жаранын уурдап кетүүгө мүмкүндүк берген.

«Кыргызстандын бийлиги, өлкө жетекчилиги, күч органдарынын башчылары, өзүбүзгө эле кыйын экенсиңер да. Ушу 5-6 саясатчыны, 5-6 жеке ишкерди кармап, кустуруп, ютубга чыгып койсоңор эле биз кыйынбыз, биз жакшы иштеп жатабыз деп ойлодуңарбы? Өлкөнү башкарыш үчүн чек араны коргош керек. Жарандарды сакташ керек. Урматтуу туугандар, ушу «башка өлкөнүн атайын кызматы биздин өлкөгө кирип, биздин жаранды алып кетти» деген кордук да. Кыргызстан эгемендүү мамлекетпи? Эгер азыр өлкө парламенттик башкаруу болгондо баарынын отставкасын талап кылмакпыз. Чек ара кызматынын башчысы сиз кантип отурасыз, кетишиңиз керек да кызматтан», — деди Акаев.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.