Парламент Ысык-Көлдө кумаркана куруу боюнча мыйзам долбоорун жалпы жыйында карайт

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер үчүн кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорду жактырды.

Долбоордун авторлору — Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков. Эки депутаттын демилгеси боюнча, «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага кыргыз жарандары киргизилбейт. Долбоор кабыл алынса, бул мыйзам өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Авторлор Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берилсе, жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.

«Буга чейин кумар оюндарына тыюу салынган. Андан улам бюджет 600 миллион сомдон ашык жоготууга учурады, жалпы 11 миң жумуш орун азайган. Биз сунуштап жаткан мыйзам боюнча көңүл ачуучу комплекс чет элдик жарандар үчүн гана иштейт. Комплекстин аймагы тосулуп, ал жабык аймак болот», — дешет алар.

Эртең, 8-апрелде “Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда каралат.

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы себеп болгон.