Парламентте депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзүлдү. Ага кимдер кирди?

Бүгүн, 1-декабрда жыйында депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзүштү.

Аида Касымалиева белгилегендей, комиссия бир айдын ичинде эл өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү маселесин чечиши керек.

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Евгения Строкова, «Республика — Ата Журттан» — Авазбек Абдугапаров, «Кыргызстандан» — Канат Исаев жана Алмазбек Токторов, «Өнүгүү-Прогресстен» — Тазабек Икрамов, «Бир Болдон» — Мамасадык Бакиров, “Ата Мекенден” – Эмил Токтошев кирди.