Парламентти таркатып салса болобу? Камчыбек Ташиев жооп берди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кадам медиага» маек берип, Жогорку Кеңештин депутаттарына байланыштуу суроолорго жооп берди.

— Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары мандатынан ажырады. Уурулар менен байланышы бардыгы үчүн. Дагы бир тобунун аты аталып жатат. Бирден тазалап отурбай эле, таркатып салсачы?

— Жалпы парламенттин атына көө сүйкөп келе жаткан депутаттардын тобу бар болчу. Шайлоого көп каражат керек, ошону уурулар, коррупционерлерден алып, элге тоодой убада берип, депутат болушкан. Бүгүн андай адамдардан парламентти тазалап бүтүп калдык. Толук таркатып салууга негиз жок, себеби, элдин чыныгы колдоосу менен келген таза депутаттар дагы бар. Мурда терс иштерге шектелген адамдар менен бир чакырылышта отуруп калышканына алардын күнөөсү жок да. Парламент таза болушу үчүн акчага, кооз убадага алданып, добуш бергенди токтотуш керек. Эл алданбай, акты актай, караны карадай ажыратып, туура тандоо жүргүзсө, парламент дагы таза болот.