«Суроолорго так жооп алган жокпуз». Парламенттик комитет республикалык бюджетти кайрадан карамай болду

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорлорун карады. Ал тууралуу маалыматты финансы министри Кыялбек Мукашев берди.

Талкуу маалында депутат Сайдулла Нышанов 2021-жыл оор болору айтылып жатканын белгилеп, өкмөт азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушу керектигин кошумчалады. Муну менен катар эл өкүлү Кытайдан алынган насыяларды төлөө маселесине токтолду. Өкмөт өкүлдөрү карыздарды төлөө багытында сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдиришти.

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров 2020-жылдагы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө жана дефицитке тиешелүү маселелерди көтөрүп, айрым унаа жолдорунун курулуш жана оңдоп түзөө иштеринин токтоп туруу себебин сурады. «Алынган насыялардын негизги бөлүгү унаа жолдорунун курулушуна жумшалган. Андыктан, бардык иштер белгиленген графикте жүргүзүлүшү керек», — деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү Бактыбек Райымкулов салык төлөмдөрү жана бажы салымдарына байланышкан пландарды сурады. Анын айтымында, 2021-жылы салык төлөмдөрү бажы салымдарына караганда 4 миллиард сомго айырмаланууда.

Бирок жогорудагыдай берилген суроолорго так жооп алынбагандыгы жүйө келтирилип, республикалык бюджет маселелери тууралуу мыйзам долбоорлорун вице-премьер баштаган тиешелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды.