Парламенттик комитетте көмүр өнөр жайынын абалы тууралуу маалымат угулду

Кечээ, 6-июндагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин жыйынында региондордогу көмүргө болгон баалар жана көмүр өнөр жайынын абалы талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин маалыматы боюнча көмүр кендерин геологиялык издөөгө, геологиялык чалгындоого жана казып алууга жалпысынан 411 лицензия берилген, анын ичинде геологиялык издөөгө 5 лицензия, геологиялык чалгындоого 145 лицензия, казып алууга 261 лицензия.

“Көмүр казып алууга берилген 261 лицензиянын ичинен 142 лицензия алган ишканалар жумуштарды долбоорлоо алкагында болсо, калган 119 лиценция алган ишканалар тарабынан 2022-жылда 3 миллион 644 миң 997 тонна көмүр казып алышкан”, — деди министр.

Министр кошумчалагандай, келе жаткан күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн республика боюнча жалпысынан 2 746,394 миң тонна көмүр даярдоо зарыл. Анын ичинде: бюджеттик мекемелер тарабынан — 298,898 миң тонна көмүр; калк үчүн — 1 247,496 миң тонна көмүр; Бишкек шаарынын ЖЭБине — 1 200,0 миң тонна көмүр.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү көмүрдүн баасы жылдан жылга өсүп жаткандыгын айтып, мындан ары калкты, бюджеттик мекемелерди жана Бишкек шаарынын ЖЭБин көмүр менен камсыздоодо артыкчылыкты жергиликтүү көмүргө берүү керектигин жана көмүр казып алуунун көлөмүн көбөйтүүнүн зарылдыгын белгилешти. Бул учурда мамлекеттик бюджетке салык жана төлөмдөрдүн түшүүсү көбөйүп, жаӊы жумушчу орундардын болуусуна шарт түзүлөт.

Депутат Мирлан Самыйкожо “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылып, кендерге инвестицияларды тартуу, аймактарды көмүр менен өз убагында камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми эл өкүлү Марат Мураталиев Талас облусундагы көмүр кендерин изилдөө зарылдыгына көңүл буруп, муну менен катар отун базаларын уюштуруу жана логистика маселелерине да токтолду. Өз кезегинде депутат Максатбек Сарбагышев жыйындар учурунда эл өкүлдөрү тарабынан өкмөткө маанилүү сунуштар жана протоколдук тапшырмалар берилип, бирок көп учурда алар аткарылбай жатканын айтып, Министрлер кабинетинин аткаруучулук тартиби тууралуу маселени ортого салды.

Жыйынтыгында энергетика министрлигинин маалыматтары эске алынып, региондордогу көмүргө болгон бааларды жана көмүр өнөр жай тармагынын абалын мындан ары жакшыртуу максатында кыска жана узак мөөнөттүү программаны иштеп чыгып, бекитүү сунушталды.