Парламенттик шайлоо-2021. «Ата Мекен» жана «Реформа» партиялары бирикти

«Реформа» жана «Ата Мекен» партиялары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бирге барат. Бул тууралуу партиянын социалдык тармактагы баракчасында жазылат. Маалыматка караганда, алар БШКга 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышууга билдирме беришкен.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.