28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме БШКга 28 партиядан түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Алар:
- «Социал-демократтар»;
- “Улуттар биримдиги”;
- “Ишеним”;
- «Альянс»;
- “Кыргызстандын жашылдар партиясы”;
- «Жаратман Эл»;
- «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»;
- «Ата Мекен»;
- «Ыйман Нуру»;
- «Эл үмүтү социалдык саясий партия»;
- «Актив»;
- «Бийлик элге»;
- «Акыйкат Кыргызстан»;
- «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы»;
- «Тилектештик»;
- «Социалист»;
- «Ак Бата»;
- «Адилет»;
- «Мекенчил эл»;
- «Ынтымак»;
- «Азаттык»;
- «Күч бирдикте»;
- «Кыргызстан»;
- «Бирге-Вместе»;
- «Ар-Намыс»;
- «Аалам»;
- «Ак Асаба»,
- «Ата-Журт Кыргызстан».
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салат. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.