Парламенттик шайлоо-2021: Жети партия шайлоого катышуу үчүн билдирме берди

БШКга «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия» саясий партиясынан 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сүйүндүк уулу Даниярды, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кульбарчын Сапаралиеваны көрсөткөн.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салат. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.

Буга чейин БШКга «Социал-демократтар», “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, «Альянс», “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, «Жаратман Эл» саясий партиялардан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.