Парламенттик шайлоо-2021: Партиялар 3-сентябрга чейин катышуусун билдириши керек

Парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялар 3-сентябрга чейин шайлоого катышуусун билдириши керек. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

“Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” президенттин 29-августундагы жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. Кечээ, 29-августта Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйналышында  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык планды бекитти.

Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар андан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен шайлоого катышары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүсү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.