Парламенттик шайлоо. 23 партиянын талапкерлеринин тизмеси аныкталды

13-октябрга карата парламенттик шайлоого катышуу каалоосун билдирген 73 саясий партиянын ичинен 26 саясий партия съезддерди өткөрүү жөнүндө БШКга кабарлаган, анын ичинен 3 партия эки жолу съезд өткөргөн. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Мындан тышкары, жалпысынан 23 партия көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери тууралуу билдирген. Саясий партиялар каттоо үчүн документтерин 18-октябрь саат 18:00гө чейин тапшыра алышат. Ошол эле учурда “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Улуттар Биримдиги” саясий партиялары 13-октябрда каттоого көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелеринин документтерин анын ичинде “Электрондук талапкер” системасы аркылуу да тапшырышты.

Бардыгы: 75 с/п шайлоого катышууну билдиришти, алардан 2с/п каттоодон баш тартылды (Эркин Кыргызстан, Эне жүрөгү-Мекен)
Жыйынтыгында: 23 с/п талапкерлер тизмесин көрсөтүүнү билдиришти Жыйынтыгында: 20 с/п шайлоого катышууну билдирип, кийин шайлоого катышуудан баш тарта тургандыктарын кат жүзүндө билдиришти Жыйынтыгында: 30 с/п мурда катышууну билдирип, бирок 13.10.21ге карата шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын билдиришкен жок, алардын ичинен 6 с/п шайлоо фондун түзгөн жок
1. Улуттар Биримдиги

2. Ишеним

3. Альянс

4. Кыргызстандын Жашылдар партиясы

5. Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы

6. Ата Мекен

7. Ыйман Нуру

8. «Эл үмүтү» социалдык-саясий партиясы

9. Азаттык

10.Ынтымак

11. Ак Асаба

12. Күчтүү регион

13. Бүтүн Кыргызстан

14. Аруузат – Эл Куту

15 Ата-Журт Кыргызстан

16. Мекенчил Эл

17. «ОРДО»

18. Кыргызстандын «Багыт» либералдык-демократиялык партиясы

19. “Жашасын Кыргызстан”

20. “Улуу-Журт”

21. «ЛЕГАЛАЙЗ»

22. “Кыргызстандын жаштар прогрессивдүү партиясы»

23. «Социал Демократтар»

 

1. Бийлик Элге (Власть народу)

2. Ар-Намыс

3. Аалам

4. Ак Бата

5. Социалист

6. Бирге-Вместе

7. «Биздин Эл» «Наш Народ»

8. «Афганистандагы согуштун жана башка согуштук конфликттердин ардагерлеринин партиясы”

9. «Эмгек Партиясы»

10. “Чон Казат”

11. «Либералдык-Прогрессивдүү Партия»

12. «Кыргызстан элдеринин конгресси»

13. «АШАР-Алтан»

14. “Жаратман Эл”

15. “Элдик Партия” “Народная Партия”

16. “Народная Партия” “Моя отчизна” «Менин Мекеним «Элдик Партиясы»

17. “Замандаш”

18. “Акшумкар”

19. «Айкол Кыргызстан»

20. «Кыргызстандын «Баба Дыйкан» фермер-дыйкандарынын партиясы”

 

1. Актив

2. Акыйкат Кыргызстан

3. Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы

4. “Күч биримдикте” (Сила в единстве) социалдык-саясий партиясы

5. Жаңы Мезгил

6. “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”

7. АДИЛЕТ

8. Жаңы ЭРА

9. “Келечек-Будущее”

10. Асыл-Мурас Жаштар»

11. «Улутман» республикалык партиясы

12. «Аманат»

13. “ТУРАН”

14. «Адам укугу»

15. «Элдик аракет партиясы (Партия народного действия)”

16. «Эгемен Кыргызстан»

17. «Кыргызстандын «ТЫНЧТЫК» элдик патриоттук партиясы

18. «Элдик контроль»

19. «Кыргызстандын дыйкан (фермердик) партиясы»

20. «Чындык»

21. «Мурас»

22. «Ак-Шам» Мекен жана жаратман партиясы”

23. «Кыргызстан элдеринин шериктештиги»

24. Кыргызстан

25. Тилектештик

26. Реформа

27. НУР

28. Ак-Санат

29. Ак-Ниет

30. Асаба