Депутат Аалы Карашев парламенттик жарышка катышуудан баш тартты. Анын билдирүүсү кечээ, 8-ноябрда БШКнын жыйынында жактырылды.
Ал №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча талапкерлигин депутаттыкка көрсөткөн эле.
Мындан тышкары БШК “Багыт” партиясынын тизмеси боюнча талапкер Сакура Махмутованын арызын канааттандырган. Ал да жарышка катышуудан баш тартты.