Парламенттик шайлоо. Аалы Карашев жарышка катышуудан баш тартты

Депутат Аалы Карашев парламенттик  жарышка катышуудан баш тартты. Анын билдирүүсү кечээ, 8-ноябрда БШКнын жыйынында жактырылды.

Ал №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча талапкерлигин депутаттыкка көрсөткөн эле. 

Мындан тышкары БШК “Багыт” партиясынын тизмеси боюнча талапкер Сакура Махмутованын арызын канааттандырган. Ал да жарышка катышуудан баш тартты.