Парламенттик шайлоо. Алдын ала тизмеде 3 миллион 686 миң 921 шайлоочу бар

28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси түзүлүп, https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Алдын ала тизмедеги шайлоочулардын жалпы саны — 3 миллион 686 миң 921 адам, алардын 1 миллион 766 миң 898и же 47,92 пайызы эркектер, 1 миллон 920 миң 23ү же 52,08 пайызы аял.  2021-жылдын 11-апрелинде өткөн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумдун катышуучуларынын санына салыштырганда шайлоочулардын саны 80 миң 720 адамга көбөйдү. 

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт.