Парламенттик шайлоо. «Ата Мекен» менен «Реформа» коалиция түзүү боюнча меморандумга кол койду

«Ата Мекен» жана «Реформа» саясий партиялары кеңири коалиция түзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган партиялардын соцтармактагы баракчаларында маалымдалды.

Коалиция бардык прогрессивдүү жана демократиялык күчтөр үчүн ачык. Буга чейин «Реформа» менен «Ата Мекен» Жогорку Кеңешке шайлоого бирге барары айтылган. Социалисттер жарышка катышуу үчүн БШКга билдирме тапшырышкан.