«Ата Мекен» партиясынын катары дагы 3 партия менен толукталды. Бул тууралуу партиянын Фейсбуктагы расмий баракчасында айтылат.
«Бүгүн партиянын борбордук штабында биригүү тууралуу меморандумга кол коюлду. “Ата Мекен”, “Реформа”, “Туран”, “Эгемен Кыргызстан”, “Ак калпак” партиялары, “Каныкей коомдук кыймылы” “ЭГЕМЕН” коалициясына биригип, “Ата Мекен” партиясынын желеги алдында шайлоого катышат»,- деп айтылат маалыматта.












