Парламенттик шайлоо. БШК бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлерди көрсөтүү убактысын айтты

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн бир мандаттуу округдарда көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин берүү мөөнөтү жөнүндө маалымдайт.

28-ноябрга белгиленген парламенттик депутаттардын шайлоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук жана практикалык чаралардын календардык планына ылайык, бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө 45 календардык күн калганда, башкача айтканда 13-октябрга чейин (ошол күндү кошо алганда) аяктайт. 

Шайлоо округдарынын схемалары жана чектери шайлоо күнү дайындалгандан 7 календардык күндөн кечиктирилбестен же 6-сентябрга чейин түзүлөт жана бекитилет. Шайлоо округдарынын тизмелери БШКнын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында округдар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде, башкача айтканда 10-сентябрга чейин жарыяланат.